Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуу-каты ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында кол коюлганКыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөнчүлүк фонддорун колдоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан  жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 10-июль