Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы мектепке чейинки билим берүү долбоору боюнча Гранттык макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 2014-жылдын 9-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк” долбоору (Мектепке чейинки билим берүү долбоору) боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 9-июль