Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түрк маданияты жана мурасы фондунун уставы ратификацияланды

Бүгүн, 2014-жылдын 9-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлганТүрк маданияты жана мурасы фондунун уставын ратификациялоо  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигине депозитарий болгон Азербайжан Республикасына Кыргыз Республикасы  тарабынан жогоруда аталган Уставдын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгын ырастоочу тиешелүү документти жөнөтүү милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 9-июль