Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түрк академиясын түзүү тууралуу макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 2014-жылдын 9-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 23-августунда  Бишкек шаарында кол коюлган Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түрк академиясын түзүү жөнүндө  макулдашууну ратификациялоо  тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине  түркиялык тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы тууралуу кабарлоо  милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 9-июль