Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 2014-жылдын 9-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 28-майында  Бишкек шаарында кол коюлганКыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы  Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Грант №TF015135) ратификациялоо  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы  министрлигине  Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан  жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 9-июль