Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” жаңы Мыйзамга кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылдын 9-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 12-июнунда кабыл алынган

Мыйзам  Кыргыз Республикасында өлчөөлөрдүн  байкоодо болушун жана  бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун укуктук негиздерин белгилейт жана  өлчөөлөрдүн обьективдүү, ишенимдүү жана салыштырмалуу натыйжаларына жетишүүгө, жарандардын, жеке ишкерлердин, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өлчөөлөрдүн так эмес натыйжаларынын кесепеттеринен коргоого багытталган.

Мыйзам - “Өлчөө бирдиктүүлүгүн  камсыз кылуу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы, ал күчүнө киргенден кийин 2007-жылдын 10-августундагы №147 азыр колдонуудагы мыйзам күчүн жоготот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 9-июль