Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызмат ордуна талапкерди сунуш кылуу укугуна парламенттик фракциялар ээ болушат жана алар ар бир фракциядан үчтөн көп эмес талапкерди сунуш кылат.

Ошондой эле Омбудсменди (Акыйкатчыны), орун басарын шайлоонун жаңы тартиби аныкталууда. Алсак, Омбудсмен (Акыйкатчы), анын орун басары жыйынга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгү, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмеси добуш беришсе, шайланды деп эсептелинет. Ал эми колдонуудагы тартип боюнча  Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш бергенде талапкерлер шайланды деп эсептелинет

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 8-июль