Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Чарбалык шериктештер жана коомдор жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Чарбалык шериктештер жана коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 12-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда “Чарбалык шериктештер жана коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин Конституцияга жана Граждандык кодекстин ченемдерине ылайык келтирүү жана коомдук мамиленин тиешелүү чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдердин башка мыйзам ченемдерин кайталоосун жоюу аркылуу мыйзамдардагы карама каршылыктарды жокко чыгарууга багытталган.

Мына ушул максатта мыйзамдын бардык текстинде редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  он беш  күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 8-июль