Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамда калк жашаган пункттардын бекитилген генералдык пландары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында жана алардын кызматтык имараттарындагы жалпыга жеткиликтүү жерлерде, топографиялык негиздерин жана алардын координаттарын чагылдыруусуз, калк жашаган пункттарды куруунун схемалары түрүндө жайгаштырылууга тийиш экендиги так белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 8-июль