Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 2014-жылдын 27-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2013-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлганКыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 28 майында кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте тажик тарапка жогоруда көрсөтүлгөн  Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасы зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 27-июнь