Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 2014-жылдын 27-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлганКыргыз Республикасынын  Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн  ортосундагы  Атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануу жаатындагы кызматташуужөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине россиялык тарапка жогоруда көрсөтүлгөн  Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы  тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2014-жыл 27-июнь