Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Макулдашуу Протоколу ратификацияланды

Бүгүн, 2014-жылдын 27-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2012- жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлганШанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө 2005-жылдын 26-октябрындагы макулдашууга карата Протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 28-майында кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун  Катчылыгына кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 27-июнь