Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 26-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамда  төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр каралат:

- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөсү болууга укугу жок адамдардын тизмеси толукталат (6б.4б);

-Кеңеш мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга негиз болгон жүйөлөрдүн тизмеси толукталат;

-конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченем күчүн жоготту деп табылды;

- Судьяларды тандоо боюнча  кеңештин судьялардын кызматына талапкерлерди Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан кароо тартиби бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга шилтеме жасоочу ченем белгиленет;

Бул Мыйзам «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамы менен бирдикте кабыл алынды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 26-июнь