Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылынын 24-апрелинде кабыл алынган.

Өзгортүүгө ылайык, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалат:

«Мамлекеттик карыздын жол берилүүчү эң чоң өлчөмү ички дүң продуктунун (ИДП) өлчөмүнөн ашпоого тийиш, ал эми мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү ички дүң продуктунун өлчөмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Мында мамлекеттик карыздын өлчөмүнө карата чечим ар жыл сайын тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамды бекитүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат».

Мыйзам расмий жарыяланган күңдөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 16-июнь