Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жамал Жусупова өз каалоосу боюнча Бишкек шаардык сотунун судьясы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жусупова Жамал өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 14-июнь