Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата балдар үйлөрүнө жана мектеп-интернаттарга каражат бөлүндү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фондунан Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ж.Ниязов атындагы мектеп-интернатына, Баткен облусундагы Үч-Коргон  балдар үйүнө, Жалал-Абад облусунун Октябрь балдар үйүнө, Ысык-Көл облусунун Ак-Суудагы балдар үйүнө жана Чүй облусунун Военно-Антоновка жана Беловодск балдар үйлөрүнө 1 270 000 сом бөлүндү.

2014-жыл 31-май