Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Кореянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 2014-жылдын 31-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 19-ноябрында Сеул шаарында  кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 28-майында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине  Корея Республикасынын  Өкмөтүнө жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 31-май