Бүгүн, 2014-жылдын 31-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 28-майында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мыйзамдын тексти >>>.