Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылдын 30-майында, Кыргыз Республикасын Президенти Алмазбек Атамбаев «Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 24-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам жарандарга социалдык кызмат көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңешин түзүүнүн жана анын ишинин максаттарын, принциптерин, укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 3 жылдан кечиктирбестен социалдык чөйрөдөгү мекемелерде көзөмөлчүлүк кеңештери түзүлүүгө тийиш.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 30-май