Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 30-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 24-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» жана «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамдарын «Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган.  

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 30-май