Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылынын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам жазык-процесстик мыйзамдарынын айрым ченемдерин  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 6-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 13-январындагы чечимине ылайык келтирүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 29-май