Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 27-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, 2007-жылдын 25-майындагы  №72 «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамдын 7-статьясынын 4-бөлүгү (Пландан тышкары текшерүүлөр) жаңы редакцияда берилген.

Мыйзамда  адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын камсыз кылууга байланыштуу учурларда (жугуштуу оорулардын жана жапырт жугуштуу эмес оорулардын (уулануу) болуу коркунучу же пайда болушу жана таралышы, техногендик мүнөздөгү авариялар) текшерүүлөр пландан тышкары жүргүзүлүшү мүмкүн экендиги каралган. Калктын саламаттыгына жол берилбес таасирдин себептерин жана булактарын табуу жана алардын алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында мындай текшерүүлөр күтүлбөгөн мүнөздө болуп, жазуу жүзүндөгү багыттамасыз (билдирмесиз) жүргүзүлүшү мүмкүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 27-май