Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболорун жакшыртуу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 27-май