Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» жаңы Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттик резервдин запастарын түзүүнүн, жайгаштыруунун, сактоонун, пайдалануунун, толтуруунун, жаңылоонун жана алмаштыруунун жалпы принциптерин белгилейт, ушул жааттагы мамилелерди жөнгө салат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

1999-жылдын 16-июлундагы № 75 «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылды.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 27-май