Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 16-апрелинде кабыл алынган.

Ушул Мыйзам «коомдук байкоочу кеңеш» аталышын 2014-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамындага «коомдук кеңеш» аталышы менен ылайык келтирүүгө багытталган. Мыйзамга ылайык, коомдук кеңештер министрликтер жана мамлекеттик комитеттер алдында гана эмес, ошондой администрациялык ведомстволордун алдында  дагы түзүлүшү мүмкүн.

Конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Конституциялык мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 27-май