Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 16-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам министрликтердин, мамлекеттик органдардын, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун коомдук кеңештеринин ишмердүүлүгүн калыптандыруу тартибин регламенттейт жана  мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ишине коомдук мониторингди  ишке ашыруу үчүн механизмдерди түзүүгө, чечимдерди кабыл алуу, анын ичинде мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу учурунда  мамлекеттик органдар коомдук пикирди эске алышына багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 26-май