Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Түркия Өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин андан аркы иши жөнүндө Келишими ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин андан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин  күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жолжоболорду Кыргыз Республикасы  аткаргандыгы жөнүндө түркиялык тарапка кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 26-май