Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 16-апрелинде кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык айдоочунун күбөлүгүн алуунун жаңы шарттары белгиленген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине киргизилген толуктоолорго ылайык, ээлери тарабынан жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 23-май