Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 221¹-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык бир троялык унция алтындын баасы 1300 АКШ доллардан төмөн болгондо тоо кендерин иштетүүчү жана тоо-металлургиялык ишканалардын киреше  салыгынын ставкасынын төмөнкү чеги белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 221¹-беренесинин азыркы редакциясында кирешеге салыктын төмөнкү ставкасы бир троялык унция алтындын баасы 1201 ден 1300 АКШ долларына чейин каралган. Демек, бир троялык унция алтындын баасы 1200 АКШ доллары болгондо, киреше салыгы төлөнбөйт.

Өзгөртүүлөрдү киргизүү алтынга болгон дүйнөлүк баалардын төмөндөшүнө байланыштуу Кыргызстандын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүндө жоготууларга жол бербөөгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн  өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 22-май