Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 16-апрелинде кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдын 18-беренесин «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамдын 9-беренеси менен ылайык келтирүүгө багытталган. Тактап айтсак, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдын 18-беренеси 23-пункт менен толукталып, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына таандык кылынган кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 19-май