Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам менен «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамдарга толуктоолор киргизилип, уюштуруучулары же катышуучулары саясий мамлекеттик, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле прокуратура органдарына  жана башка укук коргоо органдарына кызмат орундарын ээлеген жактар же алардын жакын туугандары болуп саналган жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу тендерге катышууга тыюу салынат.    

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине киргизилген толуктоодо  жогоруда аталган кызмат адамдардын мамлекеттин эсебинен тендерге катышуусу үчүн администрациялык жоопкерчилик каралат. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 17-май