Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты  коомдун адеп-ахлактык, моралдык-этикалык принциптерин коргоо  жана жарандарды   бул маалыматтарды таратууга тыюу салуу жана администрациялык жоопкерчиликке тартуу жолу менен адепсиз мазмундагы маалыматтардан коргоо болуп саналат.

Ушул максатта Администрациялык жоопкерчилик  жөнүндө Кодекске, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарга  тиешелүү түзөтүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 17-май