Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу мыйзамга кол койду

Бүгүн, 2014-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 16-апрелинде кабыл алынган. Жаңы мыйзамда АКШ, Германия, Бельгия, Австрия, Улуу Британия, Дания, Испания, Литва, Латвия, Норвегия, Польша, Швеция жана башка мамлекеттердин мисалында  кылмыш жасалгандыгы жөнүндө  такталбаган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү  каралган.

Өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органы  “жалаа” деген  түшүнүктү “кылмыш жасагандыгы үчүн  айыптоо” деген түшүнүктөн ажыратууну  туура тапкан. Анткени бул же тигил адам тарабынан жоопкерчиликке тартылчу кылмыш жасагандыгы жөнүндө маалымат таратуу  “инсандын абийирине жана ар намысына шек келтирген маалымат таратууга” караганда таптакыр бөлөкчө кесепет келтирет. 

Тактап айтсак,  Кыргыз Республикасынын  КК 329-статьясы жаңы редакцияда берилген. “Атайылап жалган билдирүү” юридикалык терминологиясы  “кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап  жалган билдирүү” деген терминологияга алмаштырылган. Кыргыз Республикасынын  ЖПК 151-статьясынын 3-бөлүгүнө  дагы тиешелүү түзөтүүлөр киргизилди.

Мындай  өзгөртүү киргизүүнүн жөнү бар.  Себеби азыркы шартта  укук коргоо органдары  жарандардын, юридикалык жактардын көпчүлүк алдында сүйлөгөн сөзүндө кылмыш жасалгандыгы жөнүндө  фактыларды  иликтөөгө  милдеттүү.

Мындай жагдай укук коргоо органдарынын кызматкерлерин  ар бир билдирүүнү текшерүүгө милдеттендирээри, тиешелүү адамдарды жана материалдык ресурстарды  жумшоону талап кылаары талашсыз.

Белгилей кетчү жагдай кыргыз тилиндеги  Кыргыз Республикасынын  КК 329-статьясы өзгөрүүсүз - “атайылап  жалган билдирүү жасоо” боюнча калтырылды.

Коомчулук алдында айтылган бул же тигил  адамдардын кылмыш жасагандыгы жөнүндө айыптоолордун ырасталбай калышы  коомдо ушул сыяктуу маалыматтарга ишенбөөчүлүктү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү милдети тагылган  мамлекеттик органдардын кайдыгерлигине алып келет. Аталган өзгөртүүлөр  биринчи кезекте  укук тартибин камсыз кылуу үчүн укук коргоо  органдарынын жоопкерчилигин жогорулатууга көмөктөшөт. Ошол эле учурда  жеке адамдардын, кызмат адамдарынын эл алдында  айткан маалыматынын тактыгы үчүн  жоопкерчилигин арттырат.

Ушул  эле статьядан – коомдук жумуштар, чыгымды  төлөп берүү менен коомчулук алдында кечирим суроо, түзөтүү иштери сыяктуу жазалоонун айрым бир түрлөрү  алынып салынышы абдан негиздүү. Себеби   бир эле статьяда  жаза берүүнүн көп  түрлөрүнүн каралганы сотторго  ушул сыяктуу жагдайларда  өз каалоосу менен жаза белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай мүмкүнчүлүк  коррупцияга шарт түзөт, демек, буга жол берүүгө болбойт.

Мыйзам  чыгаруучулардын “атайылап жалган билдирүү” түшүнүгүнө өзгөртүү киргизиши айрым коомдук жана эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун жаратты. Кабыл алынган мыйзам Конституциянын айрым  статьяларына каршы келет деген пикирлер айтылууда.  Тактап айтканда, жарандардын сөз эркиндигине, өз пикирин эркин билдирүүгө, абийирге жана ар намыска шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга тыюу салууга каршы келет деп эсептешет.

Кабыл алынган мыйзамдын жоболорун терең талдоо, өзгөртүүлөр эл аралык укук тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынгандыгын көрсөттү. Киргизилген өзгөртүүлөр сөз эркиндигин чектебейт, абийирге жана ар намысына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга жол бербейт. Кыргыз Республикасынын Конституциянын талаптарына каршы келбейт.

Биринчиден  кылмыш туурасында  түрдүү  билдирүү жазуу же оозеки түрүндө жарандардын, кызмат адамдарынын арыздарында чагылдырылат же басма сөз бетинде  жарыяланат. Ошондуктан кылмыш жасалгандыгы жөнүндө алгачкы билдирүү кылмыш процессинде кылмыш жасалгандыгы жөнүндө  билдирүү  болуп эсептелет.

Экинчиден  Мыйзамда  жалган билдирүү тууралуу гана сөз болгон жери жок, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган билдирүү тууралуу кеп жүрүп жатат.  Ошол ишмердиги үчүн  кылмыш жоопкерчилигине тартылышы үчүн айткан жарандын атайылап жасагандыгы сөзсүз шарт болуп эсептелет.

Кылмыш обьектисин тактоо дагы ушул сыяктуу эле  сөзсүз шарт болуп саналат. Ошондуктан  бул кылмыштын түздөн-түз обьекти -  сот адилеттиги органдарынын кадыресе жана мыйзамдуу ишмердиги.

Жаңы өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин “атайылап жалган билдирүүнү”  далилдеген сыяктуу эле,  “кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган  билдирүүнү” далилдөө үчүн да  ошол сыяктуу эле фактылар жана далилдер талап кылынат.

Жалпылап айтканда мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр укук коргоо органдарынын жана соттордун  мыйзамдуу жана адилеттүү ишмердүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 17-май