Бүгүн, 2014-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Республиканын көп балалуу энелерин «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде төмөнкүдөй токтом кылынат:
Алты баласы бар жана аларга жакшы тарбия берип өстүргөн энелер “Эне даңкы” медалы менен сыйлансын.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жарлыктын тексти >>>.