Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде төмөнкүдөй токтом кылынат:

Жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйлансын.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Жарлыктын тексти >>>.

 

2014-жыл 15-май