Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Абдижалил Эргешов Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунун судьясынын кызматынан четтетилди

Бүгүн, 2014-жылынын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы А.С. Эргешовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө негизденип, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунун судьясынын ыйгарым укутарын жүргүзүп жаткан Эргешов Абдижалил Садыбакасович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 15-май