Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Марат Жээналиев Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын кызматынан четтетилди

Бүгүн, 2014-жылынын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы М.С. Жээналиевди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө негизденип, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жээналиев Марат Субанбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2014-жыл 15-май