Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айнура Камбаралиева өз каалоосу боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2014-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бүлүгүнүн 1-пунктунанегизденип, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Камбаралиева Айнура Акбаралиевна өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. 

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2014-жыл 15-май