Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 21-майында Бишкек шаарынында кол коюлган «Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.

Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогорудагы көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасынын зарыл болгон мамлекеттик ички жолжоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 14-май