Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2014-жылдын 27-мартында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 77 601 053,0 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 97 836 659,6 миң сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 20 235 606,6 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 13-май