Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк акы белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылдын 30-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк акы белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигин терең урматтап, аларга кошумча социалдык колдоо көрсөтүү, Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгын белгилөө максатында төмөнкүдөй токтом кылынат:

2014-жылдын 1-майынан тартып төмөнкүлөргө өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунун каражаттарынан ай сайын 3 000 (үч миң) сом өлчөмүндө үстөк акы белгиленсин:

- Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына;

- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына;

- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын
27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана “Ленинградды коргогондугу үчүн” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Курчоодогу Ленинграддын тургуну” белгиси менен сыйланган адамдарга;

- экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жете элек туткундары болгон адамдарга.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн үстөк акыны төлөөнү камсыз кылуу милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 30-апрель