Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жаңы Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун, токтото туруунун жана денонсациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын 2010-жылы кабыл алынган Конституциясына ылайык келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул мыйзам менен 1999-жылдын 21-июлундагы № 89 «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  күчүн жоготту деп табылды.

Мыйзамдын тексти >>>. 

2014-жыл 25-апрель