Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2014-жылдын 27-мартында кабыл алынган.

Мыйзам «Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө» жана «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына толуктоо киргизди. Ал толуктоолорго  ылайык аскер кызматчылары кандын жана анын компоненттерин берген күнү аскердик кызмат милдеттерин аткаруудан бошотулуу укугуна, ошондой эле кандын жана анын компоненттерин берген ар бир күндөн кийин кошумча эс алуу күнүн алуу укугуна ээ.

Мыйзам  расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 24-апрель