Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды өткөрүү тууралуу Президент буйрукка кол койду

Бүгүн, 2014-жылынын 21-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Буйрук 1941-1945-жылдары совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 69 жылдыгын майрамдоого арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүү, согуш жылдары кыргызстандыктардын фронтто жана оорукта көрсөткөн эрдигине жана кайратмандыгына урмат көрсөтүү максатында кол коюлду.   

Буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

- 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын планын, анын ичинде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына даярдык көрүүнүн алкагында, иштеп чыгуу жана өткөрүү;

- 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгына арналган иш-чараларды финансы жана уюштуруу жагынан камсыз кылуу маселелерин чечүү;

- 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүнүн жогорку деңгээлин бардык жерде камсыз кылуу  милдети тапшырылды.

2014-жыл 21-апрель