Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 13-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын айрым жоболорун аткарбагандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү.

Мыйзам мамлекеттик же муниципалдык кызматчы тарабынан мүлк жана кирешелер жөнүндө декларацияны толук эмес маалымат менен тапшыргандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти, «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилейт жана айыптарды көбөйтүүнү камтыйт.    

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 14-апрель