Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызcтан менен Казакстандын Өкмөттөрүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 11-апрелиндеги протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2014-жылдын 6-мартында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички зарыл болгон жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө казакстандык тарапка кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 8-апрель