Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Бүгүн, 2014-жылдын 4-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Мамлекет башчысы төмөндөгүлөрдү дайындады:

Оторбаев Жоомарт Каипович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

Маматалиев Абдырахман Мадакимович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Диль Валерий Исидорович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Сариева Эльвира Кубанычбековна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Лаврова Ольга Владимировна - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Суранчиев Абдулда Шергазиевич - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;

Сариев Темир Аргембаевич - Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Айдаралиев Таалайбек Алимбекович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;

Султанов Калыкбек Иманалиевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Сагинбаева Динара Зарлыковна - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

Садыков Канат Жалилович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Алымкулов Алисбек Төлбашиевич - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри;

Талиева Камила Абдыразаковна - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри;

Момуналиев Нурханбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министри.

2014-жыл 4-апрель