Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2014-жылынын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу жаатында  көзөмөл-контролдук функцияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын тактап чыгуу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 31-март