Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2014-жылдын 26-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 5-пунктунун негизинде төмөнкүдөй токтом кылынат:

Берген арызына ылайык Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруудан бошотулсун.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Оторбаев Жоомарт Каиповичке убактылуу жүктөлсүн.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 26-март