Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басарларын дайындады

Бүгүн, 2014-жылдын 24-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басарларын дайындады.

Мамлекет башчысы Мамбеталиев Искендербек Султановичти мурда ээлеген кызматынан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын начальниги болуп дайындоо; Байтолоев Калмурат Эсеналиевичти - мурда ээлеген кызматынан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындоо; Усубалиев Талайбек Кадыркуловичти - мурда ээлеген кызматынан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындоо; Алимбаев Абдикарим Карбековичти - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындоо жөнүндө буйруктарга кол койду.

2014-жыл 24-март